Жер жаңгак эпилепсия оорусун алдын алат

9 декабря 2019 14:01 3666 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жер жаңгак өтө пайдалуу жемиштин курамын толуктайт. Анын бою 15 сантиметрден 80 сантиметрге чейин жетет. Жер жаңгакты элдик медицинага дартка даба катары колдонот.

Көрсө жер жаңгактын майы бадам майынын калориясына барабар экен. Эпилепсия менен ооруган адамдарга: “Жер жаңгактын бир кашык майын, бир стакан эчкинин сүтүнө кошуп күнүгө үч жолу алты ай ичүү керек. Ошондой эле гемарой оорусуна да мыкты дары болуп саналат”. Анын майын тампон кылып колдонсоңуз, геморойуңузду айыктырат.

Кечинде бир стакан ысык сүткө, бир чай кашык жер жаңгактын майын кошуп ичсеңиз, уйкуңуз тынч жана эртең менен өзүңүздү сергек сезесиз. Кулагына суук тийгендер дагы жатарда кулагына бир-эки тамчы майын тамчылатып койсо, эки-үч күндө оорусу басаңдап айыгып калат.

Жер жаңгактын 50 грамм майын, алма кычкылы менен аралаштырып, жылуу суу менен чайкоо ревматизм оорусуна даба. Ага утурлай полиартрит, бел оорусу, суук тийүүдө колдонуучу мыкты каражат. Мисалга, түн ичинде балаңызга суук өтүп, балаңыз сийип коюп жатканда аны да майлап койсоңуз жардам берет.

Жер жаңгактын майын, бал жана сүт менен аралаштырып ичсеңиз ашказан, ичеги ооруларын алдын алат.

Ссылка: https://barometr.kg/zher-zhagak-epilepsiya-oorusun-aldyn-alat



Добавить комментарий