Жер 2-ноябрда астероид менен кагылышуу коркунучунда турат
Жер астероид менен кагылышуу коркунучунда турат. Бул тууралуу америкалык астрофизик Нил Деграс Тайсондун инстаграмм баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Муздаткычтын көлөмүндөй астероид жерге 2-ноябрда түшүп кетиши мүмкүн деп америкалык астрофизик Нил Деграс Тайсон айтып чыкты.
"2018 VP1 астероиди, муздаткычтын көлөмүндөй чоңдукта саатына 40 миң чакырым ылдамдык менен келе жатат. Ал Жерге 2-ноябрда, АКШдагы президенттик шайлоого бир күн калганда түшүшү мүмкүн", - деп жазган окумуштуу.
Тайсон Астероид зыян келтире тургандай чоң эмес экендигине ишендирип өттү.
Эске сала кетсек, август айында НАСАнын бөлүмдөрүнүн бири 2018 VP1 астероиди жерге минималдуу аралыкта 2-ноябрда болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 21:33 чамасында жакындаарын билдирген. НАСАнын айтымында, астероид жерден 384 миң чакырым алыстыкта учат.
Ссылка: https://barometr.kg/zher-2-noyabrda-asteroid-menen-kagylyshuu-korkunuchunda-turat
Добавить комментарий ×