Жамбашы миллионго камсыздалган Женнифер Лопес жаштыгынын сырын ачты

10 февраля 2020 17:58 890 Barometr
Поделиться в:
ok

Голливуд жылдызы Женнифер Лопес жумасын алты күн бою залга барып машыгып, тамакты таптап жейт. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Лопес машыгуу учурунда биринчи күнү жасаган көнүгүүсүн экинчи күнү кайталабайт. Ал дайыма жаңы көнүгүүлөрдү жасап, бокстан тарта йогага чейин машыгат.

“Спорт менен машыкпаганда мен азыркыдай жайдары болмок эмесмин”, — дейт 50 жаштагы ырчы жана актриса.

Женнифер Лопес Лос-Анжелестеги белгилүү жеке тренер Трейси Андерсен менен машыгат. Андерсен актриса Гвинет Пэлтроу жана ырчы Мадоннаны дагы машыктырат.

Ал эми бетине бырыш түшпөшү үчүн ырчы уйкусун кандырып, ага кеткен саатты тыкыр көзөмөлдөйт.

“Өзүмдү жакшы сезиш үчүн тогуз-он саат уйку керек. Бирок ал дайыма эле боло бербейт. Андыктан сегиз саат толук уктаганга аябай аракет кылам”, — деп өзүнүн сырлары менен бөлүшкөн.

Ырчы уктар алдында бетин таза жууп, нымдаштыруучу крем колдонот. Андан сырткары гликолевое кычкылын такай сүйкөйт. Бул өз кезегинде беттин тунук жана таза болушун камсыздайт.

Андан сырткары машыгуу алдында ал суудан көбүрөк ичерин айтат. Аны менен катар кофе, алькоголду тамактануусунан чыгарып салган.

Майлуу тамактардын ордуна лосось балыгын, брокколи менен цуккинини көп жейт. Ресторанга барганда дагы калориясы аз тамактарды ичкенге аракет кылат.

Белгилей кетсек, ырчы жамбашы анын көзүрү экенин айтып, аны миллион долларга камсыздандырганы боюнча маалыматтар бар.

Ссылка: https://barometr.kg/zhennifer-lopes-zhashtygynyn-syryn-achty



Добавить комментарий