Жеке ишкер Чубак ажынын уулуна батир белекке берди
Поделиться в:
Жеке ишкер Имамидин Ташов маркум Чубак ажы Жалиловдун туулуп өскөн айылына барып, дин аалымы чоңоюп өскөн үйдөн куран окуду. Бул тууралуу ишкердин өздүк баракчасына таянып "Барометр" билдирет.
Ишкер маркум Чубак ажынын атасына жолугуп, баласына батир берди. Ташов Чубак ажынын атасы менен мындан ары да байланышып турарын айтты. Чубак уулу Абдуллага Бишкектен батирдин сертификатын тапшырды.
Эске сала кетсек, ишкер Имамидин Ташов буга чейин маркум волонтер Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө дагы батир белек кылган.
Ссылка: https://barometr.kg/zheke-ishker-chubak-azhynyn-uuluna-batir-beleke-berdi
Добавить комментарий ×