Жек Ма Кытайдын эң бай адамы болбой калды

15 мая 2020 09:57 1055 Barometr
Поделиться в:
ok

Alibaba интернет-компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Кытайдын эң бай адамы болбой калды. Анын ордун Tencent телекоммуникациялык фирмасынын ээси Ма Хуатэн ээледи.

Forbes журналынын жазышынча, учурда Му Хуатэндин байлыгы 48,3 миллиард доллар деп бааланууда, ал эми Жек Манын байлыгы 41,2 миллиард долларды түзөт.

“Tencent фирмасынын башчысы Ма Хуатэн Alibaba компаниясынын ээси Жек Мадан ашып, кайрадан Кытайдын эң бай адамы болуп калды. Быйыл анын компаниясынын акциясы 14 пайызга жогорулаган”, — деп айтылат маалыматта.

Жек Ма Alibaba компаниясынын 1999-жылы негиздеп, 20 жылдан кийин анын башкаруучулугунан кеткен. Ал түптөп кеткен корпорация бүгүнкү күнү дүйнөдө электрондук соода-сатык жана санариптик төлөө боюнча эң ири компания болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhek-ma-kytajdyn-e-baj-adamy-bolboj-kaldy



Добавить комментарий