«Субару» жана «Хонда» автоунаалары кагышып, 3 адам каза болду

11 мая 2019 11:27 1931 Barometr
Поделиться в:
ok

«Субару» жана «Хонда» автоунааларынын кагылышуусунан улам үч адам каза болгондугун окуяга күбө болгон адамдар маалымдашты.

Чүй облустук ШИИБинин басма-сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, окуя 9- май күнү болжол менен кечки саат  9дарда Бишкек-Нарын-Торугарт (108 км) автожолунда болгондугун билдиришти. 1998- жылы туулган айдоочу кыз башкарган «Хонда Одиссей» автоунаасы чыгыштан батышты  көздөй келе жатып, белгисиз себептер менен карама-каршы тилкеге чыгып кеткен жана «Субару Аутбэк» автоунаасы менен кагышкан. Экинчи автоунааны, 1970- жылы туулган адам башкарып келе жаткан.

Кырсыктын кесепетинен эки автонунаанын тең айдоочусу жана «Субару» автоунаасын башкарып келе жаткан адамдын аялы каза болгон. Ошондой эле 4 адам: «Субару» автоунаасындагы 3 жүргүнчү жана «Хондадагы» бир жүргүнчү жабыркаган.

Ссылка: https://barometr.kg/zheish-knnd-subaru-zhana-honda-avtounaalary-kagyshyp-3-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий