Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылып, эстелиги коюлду

7 мая 2020 16:31 1162 Barometr
Поделиться в:
ok


Жеңиш күнүнө карата Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстелик жана парк ачылып, анын ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

«Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Жеңиш күнү өтө көп жоготуулар менен жетишилген улуу майрам экенин белгиледи. Бүтүндөй Советтер Союзунан Согуш маалында 27 миллионго жакын адам курман болгон.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандагы ар бир шаарга, ар бир айыл-кыштакка жана ар бир үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. Согушка республикадан 365 миң адам кеткен, алардын үчтөн бири келбей калган. 150 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Чолпонбай Тулөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү аты коюлган паркта ачылды. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп-түзөлгөн.

Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/zheish-knn-karata-bishkekte-sovetter-soyuzunun-baatyry-cholponbaj-tlberdievge-arnalgan-estelik-zhana-park-achyldy



Добавить комментарий