Жээнбековдун кайрылуусундагы урунттуу учурлар. Шайлоо босогосунан тарта партия лидерлерине чейин

20 февраля 2020 22:31 1349 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчысы 20-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сүйлөп, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, тышкы жана ички саясат тууралуу кеп кылган.

Сооронбай Жээнбеков 7 пайыздык шайлоо босогосуна ыктайт

Президенти азыр пайыздык босоголор боюнча талкууга чекит коюла электигине токтолду. Ал өз сөзүндө бул маселе боюнча анын пикирин билүүгө ынтызар болгон кызыктар тараптар түз дагы, маалымат каражаттары аркылуу дагы кайрылышканын белгиледи.

“9 пайыздык чекти ушул жерде отурган депутаттардын көпчүлүгү колдоп, мыйзам кабыл алынган эле. Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарабанын катуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда. Дээрлик жарым жылга жакын созулуп келе жаткан талкууга мен дагы көңүл буруп, айтылган ойлорду угуп турдум. Азыр мына 9, 7, 5 жада калса 3 пайыз деген дагы пикирлер айтылып жатат. 9 пайызды демилгелеп аны колдогондодун оюн эске салсак, негизги аргумент партяларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык муктаж, бирок ага саясий күчтөр даярбы? Маселе ушунда болуп жатат. Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй саясий күчтөр, партия лидерлери буга даяр эмес. 

Жашырганда эмне, элибизде жакшы сөз бар "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген”, — накыл кепти мамлекет башчысы эске салды.

Ал андан сырткары Кыргызстанда ар бир саясатчы өзүн лидер катары тааный турганын, ошондуктан азыр партияларды ирилештирүүгө саясатчылар өздөрү даяр эместигин, мындай аракеттер эртелик кыларын айтты.

Ал эми 7 пайыздык босого басып өтүлгөн жол экенин айтып, жаштарга мүмкүнчүлүк берели 5 жана 3 пайызды айткандар популисттик кылып жатканына токтолду.

"Чынында жаштарды бетке кармап алып өз табылгасын көргөндөр болуп жатат десек жаңылышпайыз. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп бир кесет деген ойдомун", — деди президент.

Партияны лидер каалагандай калчабаш керек

Сооронбай Жээнбеков сапаттуу парламент партиялардан көз каранды экенин айтты.

“Парламенттин сапаттуу курамына партиялар жоопкер. Ал партиялардын түзгөн тизмесинен көз каранды. Бул маселени бир гана лидер чечпей, партиялык демократия болушу абзел. Партиянын жетекчиси гана депутаттык мандаттын тагдырын чечкен аракеттер болбошу керек. Партиялар дагы ички демократияны орнотууга катуу көңүл буруусу зарыл”, — деди ал.

Ажо кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланып келгенин эске салып, шайлоодо жеңип келген кандай гана партия болбосун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштегенге даяр экенин айтты.

Шайлоонун шайтан оюндары тууралуу

Шайлоо жакындаган сайын саясий активдүүлүк жогорулай турганын айткан президент бул табигий көрүнүш экенин белгилеп, ал болуп келгенин жана боло берерин белгиледи.

“Саясатчылар элдин оюн буруу үчүн көп жылдан бери келе жаткан көйгөйлөрдү козгойт. Элдин оюн алагды кылып, өз кызыкчылыгын көздөп, объектидүү эмес маалымат таратканга баргандар дагы болот. Мындай жоопкерчиликсиздик мамлекетбиздин коопсуздугуна, элибиздин тынч турмушуна терс таасир берет. Келе турган инвесторду кооптондуруп, иштеп жаткандарды чочутат. Шайлоого ким кандай катышса өз эрки, бирок шайлоодон кийинки турмушту, өлкөнүн келечегин унутпайлы. Шайлоону мамлекеттеги тынчтыкка кедергисин тийгизбей, инвестициялык климитка залал келтирбей өткөрүүгө бардыгыбыз милдеттүүбүз”, — деди ал.

Аны менен катар тигил же бул маселени кысым көрсөтүү, ультиматум жолу менен чечкенге аракет кылгандар болорун, бирок андай аракеттердин бардыгы укуктук талаада чечилерин эске салды. Ошондой эле, коомдун тынчтыгын бузганга батынгандар мыйзам алдында сөзсүз жасасын ала турганын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekovdun-elge-zhasagan-kajryluusundagy-urunttuu-uchurlar-shajloo-bosogosunan-tarta-partiya-liderlerine-chejin



Добавить комментарий