Жээнбеков жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн түштүгүнө барат
Поделиться в:
Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн түштүгүнө барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 12-13-август күндөрүндө президент жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.
Жумушчу сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги менен таанышат. Ошондой эле коронавирустун шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.
Добавить комментарий ×