Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды

30 апреля 2019 15:04 1010 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы коргоо министрлери менен учурашып, аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Советтер союзунун учурунда биз биргелешип, бири-бирибизге жардамдашып, аскерий коопсуздукту камсыз кылчубуз. Согуш мезгилинде биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз ийин тийиштире Мекенибиздин сакчылыгында турушкан. Азыр да биздин территорияларыбызды кандай гана болбосун тышкы агрессиядан жана терроризмден коргоо ЖККУнун башкы милдети болуп саналат», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал Кыргызстан төрагалык кылуунун алкагында өз артыкчылыктарын ырааттуулук менен илгерилетип жатканын, коргоо министрлеринин жыйыны Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун уставдык органдарынын жолугушууларын ачканын белгилеп, ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.

Мамлекет башчысы дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр, Уюмдун жооптуу зонасындагы өсүп жаткан коркунучтар жогорку деңгээлде биргелешип аракеттенүүнү талап кылаарына көңүл бурду. Уюмдун инструменттерин жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер өтө маанилүү.

«Биздин өлкөлөр алдында мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер турат. Кыргызстан регионалдык интеграцияны, анын ичинде ШКУнун, КМШнын жана ЖККУнун алкактарындагы интеграцияны мындан ары карай тереңдетүүгө биринчи даражадагы маани берет. Жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Кыргызстан Уюмду өркүндөтүү боюнча ишти улантат. Биздин төрагалыктын билдирилген приоритеттери мурдагы жолду улантуучулукту сактоого багытталган»,- деп баса белгиледи Жээнбеков.

Айта кетсек, Жээнбеков менен жолугушууга ЖККУ Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, ЖККУ бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров, Армениянын коргоо министри Давид Тоноян, Белорустун коргоо министри Андрей Равков, Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо катышты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-zhkkuga-mch-mamleketterdin-korgoo-ministrlerin-kabyl-aldy



Добавить комментарий