Жээнбеков Жалал-Абаддагы оорукананын курулушу менен таанышты (Сүрөт)

13 августа 2020 14:06 566 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда эки кабаттан турган 100 орундуу жаңы оорукананын имараты курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Бүгүн, 13-августта Сооронбай Жээнбеков  Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында медициналык объектилердин ишмердиги менен таанышты.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Президент Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Германия өкмөтүнүн көмөгү менен курулуп, жабдылган тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратын көрүп чыкты.

Оорукананын директору Кумар Ботокараевдин маалыматына ылайык, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имараты кийинки жумадан тартып толугу менен иштеп баштайт.

Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашуусунда колдонулбай туруп калган имараттарды заманбап ооруканаларга айландыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан кайра профилдөө иштери тууралуу эске салды.

«Коронавирус инфекциясынын келип чыгышы ооруканалардын жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги көйгөйүн ачыкка чыгарды», — деп баса белгиледи Мамлекет башчы.

Ал ошондой эле калк ар тараптуу медициналык кызматтарды ала турчу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде жаңы типтеги ооруканалар курула турганын белгиледи.

«Биз дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатуу жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул иште биз калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн бардык тармактарды, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүү жолу аркылуу жетишилген натыйжаларга таянабыз. Бул чаралар көмүскө экономиканы азайтуу, өлкө бюджетине каражаттардын келип түшүүсүн жогорулатуу максатында кабыл алынат. Аталган каражаттарды социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө багыттайбыз», — деп белгиледи Жээнбеков.

Президент дагы бир ирет санариптештирүүнүн маанисин белгилеп, оорукананын жетекчилигин аны калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө ыкчам тартипте ишке киргизүүгө чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-zhalal-abadda-oorukananyn-kurulushun-krp-chykty-srt



Добавить комментарий