Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

22 октябрь 2019 16:03 2117 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Такка отургузуу аземи Токио императоршаарындагы Император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Японияда белгилешкендей,  бул иш чара  Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-yaponiyanyn-imperatoru-naruhitonun-takka-oturuu-azemine-katyshty



Добавить комментарий