Жээнбеков: “Суракматов мэр болбой жатып, элди экиге бөлө баштады”

7 августа 2018 05:35 9971 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

“Суракматов мэр болбой жатып, элди экиге бөлө баштады”, - деди саясатчы Равшан Жээнбеков barometr.kg менен ой бөлүшүп жатып. Ал Суракматовду активистер тарабынан уюштурулган тегерек столго келбей койгонун сындап, мэрликке бара жаткан жалгыз талапкердин түштөн кийин башка тегерек стол уюштурганын элди экиге бөлгөндүк деп сыпаттады. 

“Акыркы 15 жылда бийлик анын тегерегиндеги адамдар оппозиция же жарандык активисттер тегерек стол, митинг өткөрсө эле ага каршы иш чараларды, анти митинг, анти тегерек столдорду уюштуруп келген. Бирок акыркы бир жылдан ашык убакытта, өлкө башына Жээнбеков келгенде бул жаман адат бир аз токтогондой сезилген. Бирок бүгүн эртен менен биз Бишкектин, мамлекеттин турмушуна кайдыгер карабаган жарандар чогулуп, шаар башчысын шайлоо боюнча тегерек стол өткөргөнбүз. Жыйынды мен өзүм алып барып, ал жерге өкмөттөн, БШКдан атайын чакырылган өкүлдөр келип, биз менен жакшы талкуу болду. Биз мэр боло турган жигитти да чакырдык, ал келген жок. Өзүнүн программаларын айтып берип кетсе абдан жакшы болмок. 

Түштөн кийин ал жигит өзү башында туруп кайра башка, анти тегерек стол уюштурду. Биз ушуга кетпесек жакшы болот эле. Ал жыйынга дайым бийлик менен абдан жакшы тил табышкан жарандар катышып, мамлекеттин тагдырына күйгөндөр, активисттер чакырылбай калды. Суракматов мэр болбой жатып, элди экиге бөлө баштады”,  - деди Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-surakmatov-mer-bolboj-zhatyp-eldi-ekige-bl-bashtady



Добавить комментарий