Жээнбеков: "Соттун Азимжан Аскаровко чыгарган өкүмүнө комментарий берүүгө укугум жок"

1 августа 2020 15:03 2275 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент бүгүн “Биринчи радиодо” өткөн түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, соттун Азимжан Аскаров боюнча чыгарган өкүмүнө комментарий берүүгө укугу жок экенин айтты.

"Аскаровдун иши 2010-жылдан бери соттун бардык инстанцияларында каралган. Процессти бардык эл аралык уюмдар да байкап турушкан. Мен президент катары Аскаровдун иши боюнча соттун чечимине комментарий бере албайм. Ал эми анын өлүмү боюнча, тилекке каршы, пандемия учурунда көптөгөн мекендештерибиз дүйнөдөн кайтты. Мен алардын үй - бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди Жээнбеков.

Эскерте кетсек, 25-июлда июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болгон..

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-sottun-azimzhan-askarov-boyuncha-chygargan-kmn-kommentarij-berg-ukugu-zhok



Добавить комментарий