Жээнбеков Путинге Ми-8 тик учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Телеграммада мындай деп айтылат:
«Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз».
Эске салсак, 4-августта Красноярск крайында Ми-8 тик учагы нефти казган жумушчуларды ташып келе жатып кулаган жана анын ичиндеги 18 адамдын баары набыт болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-putinge-mi-8-tik-uchagynyn-kyjrashyna-bajlanyshtuu-kl-ajtty
Добавить комментарий ×