Жээнбеков Путин менен Сочиде жолукту. Президенттер эмне тууралуу сүйлөшту?
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары 2019-жылдын март айынын аягына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити талкууланды.
Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.
«Биз эми Кыргызстанда март айынын аягында боло турчу кийинки жолугушууга даярданабыз жана сөзсүз түрдө экономикалык аракеттенишүү маселелери, ЕАЭБди бекемдөөнүн биргелешкен аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз — иштей турган маселелер арбын. Биз жалпы бажылык контурду коргоо боюнча маселелерди талкууладык. Россия Кыргызстанга тийиштүү жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрдү. Миграциялык саясат маселелери боюнча биз Кыргызстан үчүн бул канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз», — деп белгиледи Россиянын Президенти.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-putin-menen-sochide-zholuktu-prezidentter-emne-tuuraluu-sjlshtu
Добавить комментарий ×