Жээнбеков: "Орусия менен мамилеге чоң маани берилет "

13 августа 2018 22:30 1032 Barometr
Поделиться в:
ok

Прездидент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен, анын ичинде Орусия менен болгон мамилеге чоң маани бериле тургандыгын   “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Улуттук кеңештин жыйынында билдирди. 

Президент өлкөнүн мындан аркы стратегиялык максаты – ЕАЭБ, ШКУ өлкөлөрү менен кызматташуу, коопсуздук маселесинде коллестивдүү иш алып баруу болуп эсептелерин айтты.  Мунун менен катар  Кытай менен болгон мамиле жакшырганын, Түркия менен кызматташууну арттырууга басым жасаларын, ошондой эле Япония, Корея, АКШ мамлекеттери менен болгон мамилеге да маани берилерин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, бүгүн  Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында   Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-orusiya-menen-mamilege-cho-maani-berilet



Добавить комментарий