Жээнбеков облустар аралык транспоттук каттамдарды токтотуу сунуштады

6 июля 2020 16:25 911 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков облустар аралык транспоттук каттамдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

«Азыр айрымдар катуурак карантин тартибин киргизүүнү сунуштоодо. Кырдаалга байланыштуу Республикалык штаб сунуштарды киргизүү керек. Азыркы кырдаалда облустар ортосундагы транспорттук каттамдары токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз», — деп белгиледи президен бүгүн 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Жыйын видеоконференция форматында өттү.

«Калктын саламаттыгы менен экономикалык коопсуздугун таразага салганда, биз карантинди жарыялап, өзгөчө абал режимин чыдамкайлык менен сактадык. Бул режим алынган соң, ооругандар кескин көбөйдү жана коронавирустун айынан көптөгөн биздин жарандар пневмониядан жабыр тартууда», — деп баса белгиледи Жээнбеков жана Бишкек шаарында илдетти жугузуу көбөйгөндүктөн, кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилгенин эске салды.

Мамлекет башчысы ошондой эле буга чейин той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуш киргизгенин эске салып, Республикалык штабды бул маселе боюнча өзүнүн так көз карашын билдирүүгө чакырды.

«Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче, республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бардык ооруканаларда жана обсервацияларда койко-орундардын санын көбөйтүү керектигине көңүл бурду. Зарылдык жаралса бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча орундарды түзүүнү кошумчалады.

Президент коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында бардык иш-чаралар өз маалында жана артыкчылыктуу тартипте каржыланышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-oblustar-aralyk-transpottuk-kattamdardy-toktotuu-sunushtady



Добавить комментарий