Жээнбеков Мирлан Каниметов жана Алмазбек Орозалиевге генералдык наам берди
Поделиться в:
Президент Сооронбай Жээнбеков генералдык наамды КРнын Ички иштер министринин орун басарлары Алмазбек Орозалиев менен Мирлан Каниметовго ыйгарды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Ички иштер министринин кызматкерлерине жогорку атайын наамды ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, милициянын генерал-майору наамы КРнын Ички иштер министринин орун басарлары Алмазбек Орозалиевге жана Мирлан Каниметовго ыйгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-mirlan-kanimetov-zhana-almazbek-orozalievge-generaldyk-naam-berdi
Добавить комментарий ×