Президент: "Мени саткын дешти, бирок мен бир топтун кызыкчылыгын коргобойм, өлкөнүн кызыкчылыгын коргойм деп сөз бергем шайлоодо"
Айрымдар мени сатып кетти деп, саткын деген атка кондурушту, бирок мен шайлоо алдында бир топтун кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин, мен бүтүндөй кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм деп убада бергем-деди президент бүгүнкү жыйында журналисттерге жооп берип жатып.
"Мен тарыхты жакшы билем, аралашып чоңойдум. Эки жолу революция болду. Көрүп турдум. Кандай болгонун дагы, ким кылганын дагы жакшы билем. Азыр мына айтып атышат президент иштерди жаап койсо болот деп. Кылмыш болбосо анда ачпаш керек, ачтыңбы аягына чыгыш керек. Кааласа жаап, кааласа ачып койгон болбойт. Министр жаап койсо, президент каалагандай кыла берсе анда өлкөбүз эмне болот. Бизде мыйзам иштеш керек. Анда бандиттердин өлкөсү болуп калбайбы"-деди.
Ошондой эле, кыргыздардын кызыкчылыгын саткандан Кудай сактасын деп кошумчалады.
Добавить комментарий ×