Жээнбеков менен Путин телефондон эмнени сүйлөшүштү?

7 октября 2019 15:34 1454 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 7-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусия өлкөсүнүн лидери Владимир Путин менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана Бишкекте 28-ноябрда өтүүчү Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздугунун Кеңешинин сессиясына даярдыктарды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктап, Орусиянын өнүгүүсүнө багытталган пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.


Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-menen-putin-telefondon-emneni-sjlshsht



Добавить комментарий