Жээнбеков: Кызыл-Омподогу окуя саясатташып кетти

17 мая 2019 17:11 9041 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-майда Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда президент Сооронбай Жээнбеков:“Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу - туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу”, - деп белгилегенин президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Кызыл-Омполдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили деди.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kyzyl-ompodogu-okuya-sayasattashyp-ketti



Добавить комментарий