Жээнбеков: "КСДПнын башкы бухгалтерине кысым көрсөтүлүп жатат деп шылтоолоп, башкалар дүрбөлөң салууну каалашууда"
Поделиться в:
Сооронбай Жээнбеков КСДПнын башкы бухгалтери Надира Сатыгул кызын 1996-жылдан бери тааный турганын айтып кетти.
Анын өмүрүнө коркунуч жаралып, сыртка чыгып кетти дегенди укканда таң калганын билдирди.
"Надиранын келишине мен биринчи кезекте кызыкдармын. Өмүрүнө коркунуч келип жатат дейт.Ага ММКлар аркылуу кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтышып, мени күнөөлөшүүдө. Бул жерде бирг гана максат бар. Дүрбөлөн кылып, бийликке келүү. Мен андайга жол бербейм. Кыргызстандын келечеги өзүмдөн да бийик турат. Өлкөдөн бийик дөөлөт жок", — деди ал.
Жээнбеков ошондой эле бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын, ал аягына чыгат деген үмүтү бар экенин кошумчалады.
Добавить комментарий ×