Жээнбековдун Нарындагы иш сапары улантууда (сүрөт)

20 августа 2020 10:45 828 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 19-августта Мамлекет башчысы Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарын Кочкор районунан баштады.

 Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү эл жарандык ал-абалдын актыларын жазуу, паспорт берүү, архив, нотариат кызматтарын «бирдиктүү терезе» форматы аркылуу ала турган Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Кошумча имараттын курулушун үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүү пландаштырылган.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы «Абердин-Ангус» породасындагы уйларды, россия жылкыларын жана гиссар породасындагы койлорду өстүрүү менен алектенген «Сал-Эм» асыл тукум заводуна барды. Аталган асыл тукум заводдун күлүктөрү ар кандай мелдештерде бир канча ирет байгелүү орундарды ээлеген.

Иш сапарынын жүрүшүндө  Сооронбай Жээнбеков көйгөйлөрүн айткан жергиликтүү тургундар менен да баарлашты. Тактап айтканда, Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары көтөрүлгөн суулардын кесепетинен авариялык абалга келип калган үйлөрү жана жол тилкесин жууп кетиши боюнча көйгөйлөрүнө жардам сурашты. Ошондой эле турак жай куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо, мектептерде айлык акыга кошумча төлөм үчүн райондук коэффициентти кайра белгилөө өтүнүчтөрү дагы айтылды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган маселелер эске алынганын, көйгөйлөр жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чечилерин белгиледи.

Бүгүн, 20-августта, Президент Сооронбай Жээнбеков Ат-Башы, Нарын райондоруна жана Нарын шаарына барат, анда коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жана ички жолдорду оңдоп-түзөөнүн жүрүшүн көрөт. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетикалык объектилер менен таанышат.


Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kochkordogu-sal-em-asyl-tukum-zavoduna-bardy-srt



Добавить комментарий