Жээнбеков: Кадрларды ротациялоо салтын жандандырууга мезгил келди

14 июля 2018 19:00 1263 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

«Кадрларды региондор арасында ротациялоо салтын кадр саясатына киргизе турган мезгил келди. Биз ушул салтты жандандырышыбыз керек», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусунун тургундары менен жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул чара кадрларды адистик жактан гана такшалтпай, региондор ортосундагы байланышты да бекемдейт. Бир региондон чыккан адис башка регионго барып, тамыр жайып, дос-тааныш, куда-сөөк күтөт, бул региондор ортосундагы ажырымды жакындатууга түрткү болот.

«Түндүккө келсем, түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти дешет, түштүккө барсам, түндүктөн көбөйүп кетти дейт. Райондорго барсаң, милициянын начальниги, прокурор, УКМК ошол райондон отурат, милициянын 80 пайызы ошол райондун балдары. Алар анан кантип күрөшөт кылмыштуулук жана коррупция менен? Бул мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет», — деп белгиледи Президент.

Ал буга чейинки кадрдык ротация аркылуу иштеген инсандарды мисалга келтирди. «Султан Ибраимов — Чүйдүн кулуну — Ошко барып иштеген, аны бүгүн дагы жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен гана эстейт. Мындан тышкары кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Сүйүнбаев Акматбек, Бейше Жапаров, Арстанбек Дүйшеев, Корчубек Акназаров, Рысбек Айдаралиев, Бекмолдо Ишимов, Бусурманкул Табалдиев, Өмүрбек Субаналиевди атасак болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ротацияны биринчи кезекте укук коргоо органдарынан — прокуратура, милиция, УКМК, Финполициядан башташ керектигин белгиледи.

Мындай чара адистерди профессионал катары такшалганга абдан жардам берерин, мамлекеттеги иштин жүрүшүнө дагы чоң таасирин тийгизерин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kadrlardy-rotaciyaloo-saltyn-zhandandyruuga-mezgil-keldi



Добавить комментарий