Жээнбеков иш сапары менен Тажикстанга барат

26 июль 2019 09:00 3414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барат.

Эки мамлекеттердин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында өтөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды  делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун  сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Эки мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин жана өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-ish-sapary-menen-tazhikstanga-barat



Добавить комментарий