Жээнбеков: “Эркиндик эч качан тартууланбайт, ал күрөш менен келет”

31 августа 2018 14:10 1476 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылды белгиленүүдө. Анда президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин бүгүнкү эгемендик күнү менен куттуктады.  

"Бүгүн — улуу  салтанат. Элибиз эзелтеден эӊсеп келген эркиндикке жеткен күн. Улутубуздун үмүтү, тилеги, мүдөөсү ишке ашкан күн. Өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө цивилизациясында, адамзаттын улуу көчүндө өз ордубузду таптык деп туу көтөргөн күнүбүз. Ал эркиндик эч качан белекке берилбейт, эркиндик эч качан тартууланбайт, ал күрөш менен келет"— деп белгиледи президент.  

"Бүгүнкү улуу күн үчүн, эркиндик үчүн ата бабалар кылымдар бою тынымсыз күрөшүп келди. Эгемендүүлүк үчүн эчендеген эр азаматтар өз өмүрүн арнады, башын канжыгага байлады. «Азаттыкты эӊсеп, эркиндикти көкүрөктө сактап жүрүп ушул күнгө жеттик. Эркиндикти сүйгөн рух кылымдардын сынагынан өтүп, муундан муунга мурасталган дөөлөт болду. “Манас“ эпосунда айтылгандай „Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү эл, Өксүгөн сайын өөрчүгөн намыстуу журт“ болдук», — деди Жээнбеков. 

Белглией кетсек, учурда Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгы белгиленип жатат,  салтанатту   иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков, Бишкектин мэри Азиз Суракматов, жана башкалар келишти.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-erkindik-ech-kachan-tartuulanbajt-al-krsh-menen-kelet



Добавить комментарий