Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат

9 сентября 2020 09:23 680 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна иш сапарлары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 9-10-сентябрь күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат.

Жээнбеков Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Мындан сырткары, президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-eki-kndk-ish-sapary-menen-osh-oblusuna-barat



Добавить комментарий