Жээнбеков цунамиден каза болгондор үчүн Индонезиянын президентине көнүл айтты

25 декабря 2018 17:51 1641 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Сооронбай Жээнбеков көп адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунамиге байланыштуу Индонезиянын президенти Джоко Видодого көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

«Көп сандаган адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген, Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунами жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез айыгып кетүүсүн каалайм», - деп белгиленет мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, жума күнү атылган Анак-Кракатау вулканынын кесепетинен жер жарылып, суу чайпалып, Индонезиянын батыш тарабын цунами каптаган.

Кырсыктан 1400 киши жаракат алып, дагы 120 адам дайынсыз болсо, каза болгондордун саны 370ден ашкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-cunamiden-kaza-bolgondor-chn-indoneziyanyn-prezidentine-knl-ajtty



Добавить комментарий