Жээнбеков БУУнун жыйынында Кыргызстанды вакцина менен камсыз кылуу тууралуу сөз кылды

24 сентября 2020 09:48 1002 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы жалпы дебаттар алкагында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен улуттар уюмусуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калды. БУУнун мекемелери, фонддору жана программалары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 43 миңден ашуун адамга илдет жукканы аныкталды, тилеккке каршы, бир миң алтымыш үч жараныбызды жоготуп алдык. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда биздин өлкөдө Аза күтүү күнү жарыяланган. Кыргызстан элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен улуттар уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар биз үчүн чоң мааниге ээ.

Ошондой эле маанилүү колдоо биздин союздаштарыбыз менен стратегиялык өнөктөштөрүбүздөн келди. Биз үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар абдан зарыл. Вакцина менен камсыз болуу дагы биз үчүн абдан маанилүү.

Пандемия „Жыйырма-отуз күн тартиптерин“ ишке ашырууга тоскоолдук кылды жана тышкы карыз кризисин абдан татаалдаштырды.

Биз „Чоң жыйырмалыктын“ жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз.

Кыргыз Республикасы, Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндөгү келишимдин депозитарийи катары, өзөктүк куралсыздандыруу жана аны жайылтпоо боюнча мамилелерди күчөтүүнү жактайт. Терроризм жана экстремизм да биздин дүйнөгө олуттуу коркунуч туудурат. Террористтик коркунучка каршы күрөшүүдөгү эл аралык коомчулуктун аракеттерин координациялоо боюнча негизги ролду БУУ ойношу керек. БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясынын натыйжалуу ишке ашырылышын жактайбыз. БУУнун Бишкекте жайгашкан Глобалдык контртеррористтик башкармалыгынын аймактык координаторунун дайындалышын кубаттайбыз. Ага колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз.

Өткөн жылдын ноябрында Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификацияладык. Кыргызстан бул милдеттерди ишке ашыруунун эң маанилүү кадамы катары „жашыл“ экономиканы өнүктүрүүнү көрөт. Биз таза өнүмдөрдүн жана таза энергиянын өлкөсү болууга умтулуудабыз. Кыргызстан салттуу энергия булактарын керектөөнү бара-бара кыскартууга багыт алат. Суу-энергетикалык потенциалыбызды ГЭСтерди куруу жана „CASA-1000“ эл аралык долбооруна катышуу аркылуу пайдаланууну маанилүү деп эсептейбиз.

Бул биздин коңшуларыбыздын сугат муктаждыктары үчүн суу ресурстарынын топтолушуна жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасы климаттык өзгөрүүнүн терс таасирлерине ыңгайлашуусу үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Климаттын өзгөрүшү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жана суу ресурстарынын көлөмүнүн азайышына алып келүүдө.

Бул таза суу тартыштыгына, жерлердин деградацияланышына жана экономикалык тобокелчиликтерге алып келет, калктын саламаттыгына коркунуч туудурат. Буга байланыштуу биз мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө жана аларды коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну жактайбыз. Мөңгүлөрдүн жаралыш аймагындагы тоо экосистемасын сактоо абдан маанилүү деп эсептейбиз. Бул багытта Кыргызстан бир катар глобалдуу демилгелерди көтөрүп чыкты. Ак илбирсти жана анын тоо экосистемасын сактоо боюнча эки жолу Глобалдык форум өткөрүлдү. Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтарды алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу тууралуу резолюция кабыл алынды.

Транспорт-коммуникациялык коридорлор, логистикалык борборлор жана терминалдар системасын өнүктүрүү абдан чоң мааниге ээ. Байыркы Улуу Жибек Жолунун негизги каттамдарын кайра түзүүбүз керек. „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"темир жолун куруу жана ишке киргизүү Азияны Европа менен байланыштырууга кошкон салымыбыз болот.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Ага эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУ, ШКУ жана КМШдан байкоочулар чакырылган. Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүүсү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз”, -деди өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-buunun-zhyjynynda-kyrgyzstandy-vakcina-menen-kamsyz-kyluu-tuuraluu-sz-kyldy



Добавить комментарий