Жээнбеков: "Бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок"

21 декабря 2018 11:55 1231 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Оппозициянын жана жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаӊырып турат. Бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок деди президент бүгүнкү парламенттин 80 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жатып. 


"Бүгүн Кыргызстан — парламенттик демократиянын жолун тандаган республика.

Эл аралык аренада өлкөбүздүн „демократиянын аралы“ катары таанылышына, биринчи кезекте, парламент эмгек сиӊирди.

Азыр коомдогу баардык курч маселелер, элдин көйгөйлөрү, айрым көмүскөдө калган суроолор парламенттин трибунасында көтөрүлүп, коомчулуктун көңүлүн буруп келет.

Оппозициянын жана жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаӊырып турат. Бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок десек болот. Биз — ачык коомбуз, баардык нерсе айтылат, баардык иштер элге жетет.

Бийлик бутактарынын ачык-айкын иштешине, мамлекеттик чечимдердин элге жеткиликтүү болушуна, албетте, парламент зор салым кошту.

Парламент өзүнүн негизги функцияларын — өкүлчүлүк кылуу, мыйзам чыгаруу, көзөмөл жүргүзүү — үчөөнү теӊ ийгиликтүү аткарып келе жатат.

Акыркы чакырылыштар биздин парламент үчүн жаӊы типтеги ишмердикти — партиялык фракциялардын функцияларын татыктуу өздөштүрдү.

Ошону менен катар Жогорку Кеӊештин дарегине коомчулук тарабынан айтылган абдан курч сын пикирлер болду. Ачык коомдун парламенти өз ишин жакшыртуу үчүн сын пикирлерге дайыма ачык болуш керек. Өнүгүп келе жаткан демократия үчүн бул — табигый көрүнүш"-деди президент. 


Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-bizde-zhaap-zhashyrylgan-parlamentke-belgisiz-bolgon-maseleler-zhok



Добавить комментарий