Жээнбеков башка мамлекет башчылары менен Стамбулдагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине катышты
Поделиться в:
Президент Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Стамбул шаарында Түркия республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга жана мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы ошондой эле Пакистан Ислам республикасынын президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Добавить комментарий ×