Жээнбеков Азербайжандын лидери Ильхам Алиев менен телефондо сүйлөштү
Поделиться в:
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүүдө Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-azerbajzhandyn-lideri-ilham-aliev-menen-telefondo-sjlsht
Добавить комментарий ×