ЖЭБдин насос станциясынын жээгинен кыздын денеси табылды
ЖЭБдин насос станциясынын жээгинен кыздын ѳлүк денеси табылган. Милиция ѳлүк денени аныктоого жарандарды чакырат. Бул туралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 3-ноябрында саат таңкы 7:00 чамаларында ЖЭБдин насос станциясынын жээгинен азият улутундагы 20-25 жаштардагы кыздын денеси табылган. Эч кандай кол салуунун тактары жок.
Белгилери: бою165см, арыкчырай, чачы кара, бети тоголок.
Кийими: I LOVE MOSCOW деген жазуусу бар кѳк футболка, SPORTS деген жазуусу бар кызыл түстѳгү шорты, бузгалтер ак түстѳгү, ич кийим фиолетовый ѳңдѳгү, ак түстѳгү спорт бут кийими, 36-38 размердеги.
Өзгѳчѳ белгилери: Оң жаагынын ѳйдѳ жагында ѳзүнчѳ ѳскѳн тиши, сол бутунда браслет кызыл жип менен адамдын алаканы жана бак кѳрсѳтүлгѳн.
Кимдер бул кыз тууралуу маалымат билсе, күбѳлѳр дагы тѳмѳндѳгү телефондорго байланышууну суранабыз: 0553102387, 0703222622, 0702498888, 0772847336 и "102".
Ссылка: https://barometr.kg/zhebdin-nasos-stanciyasynyn-zheeginen-kyzdyn-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×