ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар өлчөмүндөгү чыгым келтирилген
Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу иш боюнча мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар өлчөмүндөгү чыгым келтирилген. Бул тууралуу бүгүн 8-январда УКМК билдирди.
Маалыматта жазылгандай, жогорудагы иш боюнча каралган кылмыш иши бүгүн 8-январда аяктап, анда мамлекетке көп өлчөмдөгү акча каражаты чыгым алып келингендиги аныкталган.
"2010-жылдын февраль айында ал кездеги убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселеси каралып, Дүйнөлүк банк 150 миллион доллар жана ТВЕА компаниясы 200 миллион доллар сунуш кылган. Жыйынтыгында ТВЕА компаниясынын сунушун кабыл алуу боюнча чечим чыгарышкан".
Бирок Сапар Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда долбоорду ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алып, 386 миллион долларга бааланган долбоорду ишке ашыруу укугун ТВЕА компаниясына берген. Бирок ТВЕА компаниясынын тажрыйбасы жоктугуна көңүл бурулбай калган. Долбоорду ишке ашырууга коротулчу акча Кытайдын ЭКСИМ Банкынан насыя катары 2 пайыз жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Насыя 2014-жылы алынып, андан бери Кыргыз өлкөсү Кытайга 22 миллион 814 миң 328 долларды төлөп берген-деп жазылат маалыматта.
Учурда дагы материалдар такталып каралууда. Андан соң иш Башкы прокуратурага жана сотко өтөөрү айтылды.
Добавить комментарий ×