ЖЭБ от казандарын газ жана электр энергиясына өткөрүүдө

23 ноября 2018 14:35 1395 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

"Бишкекжылуулукэнерго”  коммуналдык  ишканасы  от   казандарын  газ жана  электр  энергиясына өткөрүүдө.  Өткөн жылы  2 чоң  көмүр менен  иштеген  от казандары  газ  менен  иштөөгө  өттү. Мындан улам  буга  чейин  абага 1700  тонна уулуу  заттар абага  чыгарылып келген болсо,  бүгүнкү  күндө  бул сандар   650 нү  түзүүдө. Бул тууралуу  ишкананын  башкы инженери  Байымбет  Байгараев  билдирди.  Анын айтуусунда, мындан сырткары, өткөн жылы  шаардын эки жерине  күн  батареялары  орнотулган болсо, быйылкы жылы   “Жал”  кичи районуна  жалпы  аянты 1000 чарчы метрлик дагы  бир батарея коюлуусу күтүлүүдө.

Ишкананын  башкы инженери  Байымбет Байгараевдин берген маалыматы: 

“Бишкекжылуулукэнерго”  ишканасында бүгүнкү күндө  66  от казаны    техникалык  жактан кызмат көрсөтүп келет. Анын  ичинен  22си газ менен,  ушундай  эле  сандагы от казан көмүр менен, 11 от казан электр энергиясы жана  калган 11инде   аралаш  от жагылат. Атмосфераны  тазалоо максатында,  былтыркы  көмүр менен  иштеген  эки чоң  от казан  газга алмаштырылды.  Муну менен  биз  каражатты  да үнөмдөп жатабыз десек  болот. Мындан  сырткары, биз  өткөн  жылы  жаратылышты  коргоо  программасынын  алкагында  шаардын эки жерине 1000  чарчы метрлик, кубаттуулугу  600 киловатты түзгөн   күн  батареясын  орнотконбуз. Бирок  алар көбүнчө  аба  ырайындагы  өзгөрүүлөргө  карап иштейт.  Быйыл  “Жал”  кичи районуна дал ушундай  дагы бир күн  батареясын коюу  күтүлүүдө.  От казандардан  буга чейинки  жылдары  абага  1700  тонна  зыян заттар  чыгарылып  келген болсо,  активдүү   аракеттердин натыйжасында  бул көрсөткүч  1050гө  кыскартылды. Бүгүнкү  күндө  650 тонна  зат  атмосферага  чыгарылууда”.

Ссылка: https://barometr.kg/zheb-ot-kazandaryn-gaz-zhana-elektr-energiyasyna-tkrd



Добавить комментарий