ЖЭБ боюнча соттук процессте Сатыбалдиев жана судья айтышып кетишти
Бүгүн, 15-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу ишти кароо учурунда айыпталып жаткандардын жактоочулары процессти видеотасмага тартууну камсыздоо талабын коюшту.
"Мыйзамгга ылайык, соттун отурумун видеотасмага түшүрүүнү камсыздоо керек", - дешти жактоочулар.
Бирок судья өтүнүчтү четке кагып, бирдиктүү сервердин жоктугуна таянуу менен процессти видеотасмага тартуу мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтты.
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мындай чечимге канааттанбагандыгын билдирип, судьядан мыйзамды бузбоону талап кылды.
Судья болсо Сатыбалдиевге чыр чыгарбоо талабын койду.
Андан соң судья менен Сатыбалдиев айтышып кетишти.
Ссылка: https://barometr.kg/zheb-boyuncha-sottuk-processte-satybaldiev-zhana-sudya-ajtyshyp-ketishti
Добавить комментарий ×