ЖЭБ боюнча сотто Калиевдин жактоочусу судья менен айтыша кетти

22 мая 2019 12:45 1680 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун отурумунда судья Инара Гильзятдинова менен айыпталып жаткан Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиевдин жактоочусу айтышып кетишти.

Чырдын себеби иштин башка фигуранты болгон «Электр станцияларынын» экс-жетекчиси Салайдин Авазовдун жактоочусу Сержа Манукяндын өтүнүчүн канааттандыруудан соттун баш тартуусу болду.

Жактоочу архитектура жана «Электр станцияларынын» расмий документтеринин көчүрмөлөрүн ишке тиркөө өтүнүчүн берген.

Бирок, айыптоочу тараптын прокурору буга каршы болду, анткени мөөр жана чыгыш номери турганына карабастан документ күмөндүү.

"Биз документтин жасалма же жасалма эмес экендигин билбейбиз", - деди прокурор.

Сот айыптоочу тараптын пикирине макул болуп, документти кабыл албастан, жактоочуга документтердин көчүрмөлөрүн тастыктаттырып алып келүүгө кеңеш берди.

Жактоочу сотко документтин жасалма эместигин тастыктоочу тиешелүү органдарга сурама кат жиберүүнү айтты, бирок сот баш тартты. Мындан соң Калиевдин жактоочусу ачууланып, үнүн катуу чыгаруу менен соттун мыйзамды жана процесстин катышуучуларын сыйлабай жаткандыгын белгиледи. Мындан соң ортодо бири-бирин күнөөлөгөн көп сөздөр айтылды.

Сот жана жактоочу көпкө чейин айтышып, качан гана судья прокурорго эки эскертүү бергенде чыр токтоду.

Андан кийин башка жактоочулар документтин көчүрмөсүн тиркөө тууралуу коргоонун өтүнүчүн кабыл алууну талап кылып, жактоочу Манукянды колдоп сөз сүйлөштү.

Ссылка: https://barometr.kg/zheb-boyuncha-sotto-kalievdin-zhaktoochusu-sudya-menen-ajtysha-ketti



Добавить комментарий