ЖЭБ боюнча сот иши: Сотто залда отургандардын бардыгы Артыкбаевди бошотууну суранышты

22 мая 2019 11:45 34548 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу ишти кароо учурунда судья Инара Гильзятдинова парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Акыйкатчынын өтүнүчүн окуду.

Акыйкатчы депутаттын ден-соолугу дарыгерлерди тынчсыздандырып жаткандыгын белгилеп, ага карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сураган.

Белгилей кетсек, Артыкбаев кыр аркасынан эки ирет операция болгон, азыркы тапта анын өз алдынча кыймылдоосуна оор болууда. Аны сотко медициналык араба менен алып келип жатышат.

Соттун отурумунун жүрүшүндө, бул өтүнүч окулган соң бардык тараптар Акыйкатчынын өтүнүчүн колдой тургандыгын айтышты. Бирок сот иш буга чейин эле каралып баштагандыгына таянуу менен өтүнүч эске алынарын билдирди. 


Ссылка: https://barometr.kg/zheb-boyuncha-sot-ishi-sotto-zalda-oturgandardyn-bardygy-artykbaevdi-boshotuunu-suranyshty



Добавить комментарий