Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлерине батирлер берилди
Поделиться в:
Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлерине батирлер берилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлерге арналган батирлердин ачкычын тапшыруу аземине өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Бул саамалыкта Жаза аткаруу кызматынын 81 кызматкерине батир берилди.
Учурда Бишкекте мекеме кызматкерлери үчүн 9 кабаттуу эки үй курулган. Дагы үч үй куруу пландалууда. Ал эми кызматкерлерге батир тапшыруу салтанаты эртең, 12-августта Жаза аткаруу кызматкерлеринин күнүн утурлай берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaza-atkaruu-mekemesinin-kyzmatkerlerine-batirler-berildi
Добавить комментарий ×