ЖАМК: №47 абак жайда бунт чыккан жок
Поделиться в:
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы №47 колонияда бунт чыкканы тууралуу маалыматты четке какты.
Бүгүн, 4-апрелде социалдык түйүндөрдө абак жайда ызы-чуу болгоун тууралуу кабар тараган. Абактагылар колониянын кызматкелери аларга тиешелүү болгон матрас, одеял, самын, сакал алгыч, тиш пастасын бербей, тамак-ашты азайтып, ал эми мекеменин аймагын өзгөртүүнү пландап жатышат дешкен.
ЖАМКнын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады.
“Азыркы учурда №47 абакта жагдай туруктуу, эч кандай окуя катталган жок, мекеме мурдагы калыбында иштеп жатат. Ошондой эле мекеменин аймагында кимдир-бирөө бизнес кылганы жатат деген маалымат дагы жалган”,-деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×