Жаңыдан дайындалган тышкы иштер министринин биринчи орун басары жамаатка тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызмат ордуна дайындалган Нуран Ниязалиев министрликтин жамаатына тааныштырылды.
Бул тууралуу министрликтин Маалымат Департаментинен кабарлады. Жаңы жетекчини министрликтин борбордук жамаатына КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков тааныштырды.
Эске сала кетсек, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Нуран Ниязалиевди тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматка дайындаган буйрукка кол койгон.
Ниязалиев Нуран Садырович буга чейин Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын аркалап келген.
КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы жана КРнын ТИМдин жамааты Нуран Ниязалиевге бул кызматтагы ишине ийгиликтерди каалады.
Добавить комментарий ×