Жаңы жылга кандай белектерди тартууласа болот?

25 декабря 2018 11:06 1947 Barometr
Поделиться в:
ok

Белектер ар кандай болот. Ал күтүлбөгөн, арзан, баалуу, жактырган же жактырбай калган белектер. Бирок, кандай гана болбосун ал сиздин чын жүрөктөн чыккан берген белегиңиз болуп саналат. Жакында жаңы жыл. Жаңы жылга карата жакындарыңызга эмне белек кылам деп ойлонуп жатасызбы, анда төмөнкү сунуштар сизге жардамга келет.

Курбуңузга жана сиңдиңизге эмне белек кылса болот?

Мисалга, “Микки Маустун” же “Мени кучакта” деген жазуулар менен жылуу жемпирлерди белек кылсаңыз болот. Муну менен бирге баалуу билериктер, атырлар жана сумкалар да аларды кош көңүлсүз калтырбайт. Модадагы тагынчактар, шурулар жана косметикалык каражаттарды дагы белек кылсаңыз болот.

Апаңызга эмне белек кылам деп ойлонуп жатасызбы?

Апаларга белек тандоо оңой иш эмес. Барыбыз эле, олуттуу ойлонуп жатып бир чечимге келебиз. Мисалга, апаларыбызга биз жылуу жүн жоолук, токулган жемпир же байпак белек кылсак болот. Бермет шурулар, модадагы костюмдар, көз айнектер жана кол каптар да сизге жардамга келет.

Ал эми жолдошуңузга эмне белек кылсам деп ойлонуп жатсаңыз?

Эркектер көбүнчө күнүмдүк жашоодо колдонгон белектерди жактырат. Мисалга, аларга кашемир свитерлерин, байпак же сумка белек кылса болот. Муну менен бирге техникалык гаджеттер дагы аларды кош көңүлсүз калтырбайт. Анткени, агаңыз же жолдошуңуз жумуштап, башка шаарга барганда, сиз белек кылган техникалык гаджетти сөзсүз колдонот.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zhylga-kandaj-belekterdi-tartuulasa-bolot



Добавить комментарий