Жаңы жылдык чач жасалгалоо

28 декабря 2021 10:39 3612 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы жыл майрамы жакындаган сайын, кандай чач жасалга жасасам деп ойлонуп жатасызбы? Анда төмөнкү кеңештер сизге жардамга келет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

1.Тармалданган чач (Локоны)

Голивуддук тармалданган чач жасалгалары дале болсо модада. Аны сиз кечиндеси жатарда чачыңызды бигудилеп жатсаңыз, эртең менен турганда чачыңыз тармал-тармал болуп, сонун болуп калат.

2.Чачты төбөгө түйүү жасалгалары

Эгерде сиздин чачыңыз узун болсо, анда аны төбөңүзгө түйүп алсаңыз мыкты болот. Мындай чач жсалга менен бир эле учурда сексуалдуу жана суктанаарлык болуп көрүнөсүз.

3.Өрмө чачтар

Өрмө чачтар кайрадан модага айланып жаткан кези. Аны биз голивуд ырчыларынын түрдүү салтанатта чачтарын өрүп алгандыгын байкай алабыз.

4.Чачты жөн гана байлап алуу

Эгерде сиз кечки көйнөк кийүүнү чечсеңиз, анда чачыңызды төбөңүзгө байлап алсаңыз, абдан ажарлуу болуп көрүнөсүз. Буга кошо сиз чачыңыздын учтарын плойка менен тармалдап да койсоңуз сонун болот.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zhyldyk-chach-zhasalgaloo



Добавить комментарий