Жаңы жыл тосоорго киши жок. Манхэттенде жалгыз калган кыргыз кыз тууралуу баян
Вадим Ольшевский аттуу колдонуучу өзүнүн Facebook баракчасына "Еврейлер – туура эмес калк" деген билдирүүсүн жазды.
Анда Америкага 20 жыл мурда келген кыргызстандык кыз тууралуу баяндалат. Ал жашоосунда бир канча ийгиликтерге жетишкени менен абдан эле жалгыз. Керек болсо жаңы жылды бирге тосууга санаалаштары жок.
Вадим Ольшевский билдирүүсүн Ира менен Сёма аттуу жубайлар жаңы жылда келчү конокторду тосууга жардамдашсын деп Брайтон Бичтен жалдаган кыз тууралуу баштайт.
Ольшевский конок тосушууга жардам берип жаткан кыздын аты Султана, ал Кыргызстан экенин жазган.
Султана еврейлерде конок тосуу шааниси бир аз башка экенин айтканы билдирүүдө баяндалат.
- Еврейлер кандай экен? – деп тамаша иретинде Султанага суроо бердим.
- Абдан туура эмес! Адамдардан башкача, — деди ал.
- Эмнеси туура эмес экен? деп бир аз таң калдым. Себеби мындай жоопту күткөн эмесмин.
- Баары, деп Султана жылмайды. – Мына биз кыргыздар ар дайым дасторкондо отурабыз. Ал эми еврейлер туруп алышат, жөөлөшүшөт, аракты чачып-төгүп, туздалган бадыраңдар жерде жатат. Буларда бардыгы швед столу сыяктуу. Анан калса шведдердин өздөрүндө тамак-аш деле көп болбойт, тарелкаларына көп деле салбайт. Бардыгы тыкан. Ал эми еврейлерде тамак-аш өтө көп, анысы аз келгенсип таралкасына үймө-жыйма кылып салып алышат. Анан албетте, анын баары жерге төгүлөт.
Ии баса, Кыргызстанда дасторкондо бир киши гана башчы болот. Бардыгын ошол тейлейт. Ал эми еврейлердин бары мен башчымын деп ойлойт. Кыйкырып, бири-бирин бөлүшөт, бири-бирин угушпайт. Бул туура эмес.
- Бул жакка келгениңизге көп болдубу? – мындан башка сурай турганга суроо деле таба алган жокмун.
- 20 жыл болду. Коламбияга, Нью-Йоркко компьютерди окуюн деп келгем.
- Коламбиягабы? – абдан таң калдым. – Бул эң мыкты университеттердин бири да. Анда эмнеге тамак-аш жаатында иштеп жатасыз. Коламбиядан кийин...
Султана унчуккан жок. Ал бир аз тынчсыздана түшкөнү байкалып турду.
- Мерилл Линчте иштейм, - деп ал акыры жооп берди. Мерилл Линчте вице-президентмин.
- Кандайча вице-президент? – деп аябай таң калдым.
- Бизде бир президент анан бир вице-президент эмес, бир аз башкача. Мерили Линчте 200 вице-президент.
- Ошентсе деле эмнеге сиз Брайтондо жашайсыз? Кызыкканымдын жайы барда.
- Манхэттенде турам. 83-көчөдө пентхусум бар.
- Анда бул жакта эмне кылып жүрөсүз. Мындай жумуш менен акча таппай эле койбосузбу?
- Мунун баары акча үчүн эмес. Анткени Манхэттенде Кыргызстандан жалгызмын. Эч ким жок. Жаңы жылды тосо турчу деле санаалаштарым жок. Жаңы жылда дайыма еврейлерге саатына 20 долларга жалданып алам. Үйдө отургум келбейт.
Бул учурда үй ээси Сёма колун катуу чаап калды. Андан кийин жарыкты бир нече жолу өчүрүп-күйгүздү.
- Кана эмесе, барыбыз конок үйгөөтөбүз. Жаңы жылга 50 мүнөт калды. Столго отургула, -деп кожейке Ира кыйкырып калды.
Мен ашканада Султана менен калдым. Ал экөөбүздүн сүйлөшкөн маалыбызда бир дагы жолу жылмайбаганын эстедим.
- Сизди да чакырды. Мен бул жакта жалгыз отуруп турам.
(Январь, 2019)
Добавить комментарий ×