Жаңы Зеландияда бир адамдан коронавирус табылып, баары карантинге жабылды

18 августа 2021 12:07 1965 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы Зеландияда COVID-19 менен ооруп калган бир адам катталгандан кийин улуттук деңгээлде карантин киргизилди. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Акыркы алта айдан бери өлкө боюнча коронавирус Окленд шаарында жашаган 58 жаштагы адамдан 12-августта табылган. Окленд эми бир аптага, ал эми өлкөнүн калган бөлүгү 3 күнгө карантинге жабылат.Ооруган адам барып келген Коромандел шаары да 7 күнгө чектөөгө алынат.

Премьер-министр Джасинда Ардерн мектептерди, мекемелерди жана баардык ишканаларды жаап, чукул кырдаалдарда гана аракеттенген кызматтар каларын айтты. Мындай кадам көбүрөөк жугуштуу делген "дельта" штаммына байланыштуу болгонун кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zelandiyada-bir-adamdan-koronavirus-tabylyp-baary-karantinge-zhabyldy



Добавить комментарий