Жаңы рекорд. Малайзияда дүйнөдөгү эң бийик дарак өсүп жатат
Бийиктиги 100 метрден ашкан даракты Улуу Британия жана Малайзиянын окумуштуулары Малайзиянын Борнео аралынан табышты. Оксфорд университетинин изилдөөчүсү Александр Сенькин бакка чыгуу үчүн 3 саат бою аракет кылган.
Окумуштуулар мындай бийик даракты биринчи жолу көрүп жатканын билдиришкен. Изилдөөчүлөр даракты "Менара" деп аташты. "Менара" малай тилинен которгондо "мунара" дегенди түшүндүрөт. Дарактын салмагы тамырын эсепке албаганда 81,5 миң килограмм, баш жагынын эле жоондугу 40 метрге жетет. Эске сала кетсек, мындан бир жыл мурун бийиктиги 96,9 метр болгон дүйнөдөгү эң бийик дарак Малайзиядагы "Тава Хиллс" паркында табылган. 2016-жылы Малайзиянын Борнео аралындагы Сабах аймагын дүйнөдөгү эң бийик 50 дарак катталган аймак деп жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhay-rekord-malajziyada-djndg-e-bijik-darak-sp-zhatat
Добавить комментарий ×