Жаңы мыйзам боюнча Сауд Арабия аялдары паспорт алышат

26 августа 2019 11:55 9315 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Буга чейин аялдар эркектин (күйөөсү, атасы, агасы же баласы) уруксаты менен гана паспорт алышчу.

 Жаңы мыйзамга ылайык Сауд Арабияда аялдар чет өлкөгө эркектин уруксаты жок эле чыга алышат.

Сауд Арабияда жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аялдар чет өлкөгө эркектин уруксаты жок эле саякаттай алышат. 21 жашка чыккан кыз-келиндер өз алдынча паспорт алууга укуктуу.

Талдоочулар жаңы мыйзам мамлекет үчүн чоң кадам экенин белгилешүүдө. Анткени бойго жеткен кыз-келиндер эркектер сыяктуу эле тоскоолдуксуз паспорт алууга мүмкүнчүлүк алды. Падышалык жарлыкка ылайык, паспорт алуудан тышкары аялдар жаңы төрөлгөн балага күбөлүк, нике күбөлүгү же ажырашуу боюнча документ алууга укуктуу болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-myjzam-boyuncha-saud-arabiya-ayaldary-pasport-alyshat



Добавить комментарий