Жаңы кодекстер боюнча өкмөттүн маалыматын угуу сунушталды. Келбеген жетекчилер кызматынан кетсин дешти депутаттар
Коомчулукта катуу талкууга алынган жаңы кодекстер тууралуу кайра карап чыгуу сунушталган. Бүгүн 22-январдагы парламенттеги комитеттин жыйынында айрым депутаттар өкмөттүн маалыматын кийинки аптада угууну сунушташты.
Депутат Аалы Карашев жыйынга келбеген өкмөт жетекчилери өздөрү келип толук маалымат беришсин же кызматынан кетишсин деди. Белгилүү болгондой, бүгүнкү жыйында өкмөттүн тийиштүү министрлери, прокурорлору жана тиешелүү жетекчилери жыйынга келген эмес.
Бирок, кийинки жумада айрым депутаттардын өкмөттүн маалыматын угуу сунушу колдоо тапкан жок.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйыны өтүүдө. Анда жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угулууда.
Добавить комментарий ×