Жаңы депутат Айнура Аскарова парламентте ант берди
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Айнура Аскарова бүгүн парламентте ант берди.
Аскарова Айнура Алмазбековна 1976-жылы 9-октябрда Чүй областынын Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн.
1998-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин, 2008-жылы Башкаруу академиясын (магистр) аяктаган. 2015-жылдан баштап И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "политология" адистиги боюнча аспирантурада билим алган.
Эмгек жолу:
1998–2003 — "Эркин-Тоо" гезитинде баяндамачы;
2003–2005 — “Замандаш" журналында шеф-редактор;
2005–2006 — КРнын Билим берүү министрлигинде маалымат катчы;
2006–2007 — Жогорку Кеңештин төрагасынын маалымат катчысы;
2007–2011 — декреттик эс алуу;
2009–2015 — "Замандаш" партиясынын маалымат бөлүмүнүн башчысы жана саясий кеңешинин мүчөсү;
2011 — ЖКнын депутатынын кеңешчиси;
2015 — "Кыргызстан" партиясынын аялдар комитетинин куратору
2016 —Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын эксперти
2017–2018 — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аймакты таануу жана маданият таануу кафедрасынын башчысы, Президенттин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын эксперти;
2018-жылдан 2019-жылдын 29-майына чейин — КРнын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын сектор башчысы;
Ссылка: https://barometr.kg/zhay-deputat-ajnura-askarova-parlamentte-ant-berdi
Добавить комментарий ×